Москвада көчө шыпырган мигрант кар тазалайм деп каза болгон

Москвада көчө шыпырган мигрант кар тазалайм деп каза болгон

Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Алардын айтымына караганда, Москва шаарында көчө шыпырып иштеген М.Н аттуу Кыргызстандык жаран 32 жашта. Ал Москва шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетип, каза болгон. Учурда Социалдык камсыздандыруу фонду менен бирге кырсыктын себеби такталууда. Себеби такталгандан кийин, маркумдун сөөгүн өз мекенине, Кыргызстанга жөнөтүү аракети жүргүзүлөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.