Салянованын ооруганына байланыштуу сот эртеңкиге жылды

Салянованын ооруганына байланыштуу сот эртеңкиге жылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын териштирүү иши бүгүн Шаардык сотто уланмак. Аида Жеңишбековнаны ооруганына байланыштуу сот эртеңкиге жылды.

Эскерте кетсек

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылып, Бишкектеги райондук сот 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Мындай чечимге депутат, адвокаттары, туугандары, тарапташтары нааразы болушкан. “Туура эмес өкүм чыккан” деп адвокаты шаардык сотко кайрылган.

 “Бул саясий заказ, бул Саляновадан өч алуу”

“Ата Мекен” фракциянын депутаттары да мындай өкүмгө нааразы. Бул боюнча депутат Каныбек Иманалиев: “Бул саясий заказ. Анткени, кагаз жүзүндө эч нерсе далилденген эмес. Бул бир. Экинчиден, ошол лицензияны узартууда жабыркаган киши жок. Үчүнчүдөн, Елисеев ошол лицензия менен кыргыз экономикасына зыян келтирген жок. Эч нерсе далилденбегендиктен, өч алуу деп ойлойм. Себеби, өч алуу Салянованын үй-бүлөсүнөн башталды: жолдошуна, бир тууган агасына, анан өзүнө иш козгошту. Эч нерсе далилденбей туруп, 5 жылга эркинен ажыратуу – бул уят. Саляновага 5 жыл эмес, сөгүш берүүгө негиз жок!”,-дейт.

Атамбаев көмүскөдө башкарып жаткандай…

Бул ачуу чындык. Аида Жеңишбековнанын бир дагы күнөөсү далилдеген жок. Коюлган күнөөнүн баарын депутаттын адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп беришти. Буга биз деле күбөбүз. Тилекке каршы, аны сот эске албай, өкүм чыгарды. Буга кесиптештери, тарапташтары, туугандары, коомчулук нааразы. Дегеле сотторго эл нааразы. Атамбаевдин бийлигинде башталган нерсе, азыр деле уланып жаткандай. Болбосо, жаңы бийлик келди, соттор жаңыча, мыйзамдуу иш алып барышы керек эле да. Андай болбой эле Атамбаевдин иши улантылып, ал көмүскөдө башкарып жаткандай. Ал эле эмес, Бакиевдерди колдоп жаткандай. Болбосо, эмнеге Максим Бакиевдин жактоочулары баш көтөрө баштады? Бул боюнча эми өзүнчө узун тема. Бул теманы жакында окуй аласыздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.