ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: жаан жаап, арты карга айланат

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: жаан жаап, арты карга айланат

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, 26-28-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүлүшү ыктымал. 26-декабрда жаан жаап, арты карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

«Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» дегендей, кышында кар жаап турганы жакшы. Айдоочулар жердин тоңгонунан абайлап, катуу айдабай, жай эле айдап, муз жолдон сак болуңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.