50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Чүй облусундагы Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланган. Окуучулар 27-декабрда, саат 14.00дө балаты майрамын уюштурган. Свет жоктугуна байланыштуу  генератордун жардамы менен Жаңы жыл майрамын башташкан. Үч сааттан кийин, 50 окуучу өзүн жаман сезип, Чүй райондук ооруканасына уулануу белгилери менен кайрылышкан. Учурда окуучулардын абалы туруктуу.

Эскерте кетсек, 27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында алгач катуу шамал болуп, кар калың жааган. Ошондон улам электр зымдары үзүлүп, электр жарыгы өчкөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.