Аида САЛЯНОВА: “Иним боюнча ИИМ тараткан маалыматтан күмөнүм бар”

Аида САЛЯНОВА: “Иним боюнча ИИМ тараткан маалыматтан күмөнүм бар”

Бүгүн, 28-декабрда, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Жеңишбековнанын териштирүү иши Шаардык сотто уланды. Аны менен катар, бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы депутаттын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалганы боюнча билдирүү таратты.

ИИМдин айтымында, 27-декабрь күнү кечинде милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары Бишкек шаарынын 1986-жылы туулган Э.О. аттуу жашоочусу кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү жаранды кармоо учурунда номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча 17 огу менен табылган. Алынган ок атуучу курал огу менен экспертизага жөнөтүлгөн. Азыркы учурда жогоруда кармалган шектүүнүн башка шериктештерин кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул боюнча Аида Салянова жана туугандары ккандай ойдо?

“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүнө шектелген адамдын кармалышы боюнча: “Бул боюнча суроо көп. ИИМ тараткан маалыматтан күмөнүм бар. Себеби, алар «шектүү адам инимди аткан тапанчасы менен кармалды» дейт. Андан бери канча убакыт өттү? Ошондон бери ал куралын жашырбай, же ыргытпай, «милиция келсин» деп күтүп отурдубу? ИИМ башынан эле инимди «карактоо максатында өлтүрүлгөн» деген. Мен дагы кайталайм, инимдин тоной турган эч нерсеси жок болчу”,-дейт. Аида Жеңишбековнанын туугандары да ушундай ойдо. Көп суроолору бар. Күмөн санашат.

Эскерте кетсек

6-ноябрда, Улан Саляновдун Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө беткап кийген белгисиз бирөөлөр курал менен кирип, атып кетишкен. Бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.