Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ: “Өмүрүнө коркунуч келген күндө да Садыр Жапаров сынган жок!”

Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ: “Өмүрүнө коркунуч келген күндө да Садыр Жапаров сынган жок!”

“Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Уланбек Жээналиев Жыл жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу аталган партиянын лидери Садыр Жапаровдун кылган иштерин айтып, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктаган катын Казакстандан бизге жөнөттү. Анда төмөндөгүдөй жазылган.

“Быйылкы жыл “Мекенчил” партиясы үчүн оор башталып, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болду. Лидерибиз Садыр Жапаров жана ошондой эле мекенчил жигиттерибиз бийликтин басымы менен күн карама соттордун адилетсиз чечими менен ак жеринен абакка кесилишти. Бул боюнча бардык кыргыз элим кабардар.

Айтайын дегеним, Садыр Жапаров канчалаган көйгөйлөрдү 2005- жылдан бери далилдүү документтерди топтоп, коомчулукка ачык көрсөтүп, бийликтен ар бир көйгөйдү тез арада чечүүсүн талап кылып келген. Лидерибиз көтөргөн көйгөйлөрдүн баары кыргыз элинин келечегин талкалап жаткан ири кылмыштар болчу. Мына ошол чечилбеген көйгөйлөр азыр элге эбегейсиз зыяны тийип жатат. Мисалга алсак, түштүк аймагындагы чек ара маселесин көтөргөндө: “Урматтуу бийлик өкүлдөрү, эгерде биз бүгүн бул көйгөйдү чечпесек, эртең кошуналар басып кирип келбейт деп кимиң кепилдик бересиң?”,- деген эле. Унгар-Тоо эмне болуп жатканын билесиздер да… Каркыраны дал Садыр Жапаров каршы болуп жатып казактарга өткөртпөй койгондо, ошол учурдагы парламентти таратып, бийлик өзүнүн “Ак Жол” партиясын алып келип, кыргыз эли ишенген жасалма баатырлардын колу менен сатып жиберишкен. Сот реформасы боюнча алып чыккан мыйзамын кабыл алышып, кайра жокко чыгарышкан. Анткени ал мыйзам иштеп баштаса соттор бийликтен көз карандысыз болуп калмак. Мына ошол сот реформасы туура эмес болгондуктан канчалаган кыргызга кызматын өтөй турган баатырлар камакта жатат. Канча жыл мурда кайрылмандар мыйзамын иштеп чыгып, “этникалык кыргыздарды тез арада көчүрүп келип албасак, алар жылдан жылга азайып жок болуп баратат” деп чыркырады эле. Мына азыр ошол мыйзамдын негизинде, Памирлик кыргыздар, Жерге Талдык кыргыздар мекенибизге алынып келе баштады. Мегакомду убактылуу өкмөт ар тарапка чойгулап, эптеп эле соодалап сатып жиберүүгө камданганда, Жогорку Кеңештен улам чыгып: “Алтын жумуртка тууп жаткан тоокту, бул пайдасы жок компания экен деп сатканы жатасыңар. Мегаком Кумтөрдөн кийинки эле эң чоң компания салык төлөөчү, сатканга болбойт, элге иштеши керек, улутташтырылсын 100% мамлекеттин эсебине”,-деген болчу. Азыркы күндө да алтын жумуртка тууп жаткан Мегаком деген тоокту сата албай убара болуп жатышат. Кыргызстандын эле келечегине эмес, бүткүл орто Азия мамлекеттерине коркунуч жаратып жаткан Кумтөр алтын кенинин кылмыштарын коомго алып чыгып, мына азыр так ошол кылмыштуу компаниянын заказы менен абакта отурат. Кылымдын аферасы аталган Кумтөр ызы-чуусу элге чечилбесе, улутка өтө чоң коркунуч жаратып жатканы анык. Мөңгүлөр боюнча зар какшап күрөштү эле… Мына мөңгүлөр да так Садыр Жапаров айткандай, чоң кылмыштуулук менен талкаланып жатат. Ушундай кылымдын аферасы аталган дүйнөлүк кылмышкерлердин оюнуна каршы чыгып, эч кандай соодалашууга барбай, келечек үчүн аягына чейин күрөшүп жатат. Ал эле эмес, өмүрүнө коркунуч келген күндө да, артка кайтып, кошомат кылган жок, бийликтин зомбулугуна сынган жок.

Мына жакында эле Фейсбукстан уюштурган жылдын мыкты тандоосунда, жогоруда айтып кеткен жана айтылбай калган көптөгөн эмгектерин кыргыз эли баалап, “Жылдын мыкты саясатчысы” наамын берди. “Кыйынчылыктын артында жакшылык кошо келет” дегендей, бул да болсо жакшы кадамдар кайтып келе баштаганынын белгиси. Анткени өзү түзгөн “Мекенчил” партиясы да “Жылдын мыкты” партиясы наамын утуп алды. Бул жеңиштер, албетте, элдик тандоодо адилеттүүлүк бар экенине ынандырат. Канчалык тоскоолдуктарга карабай, команда өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, ушундай жеңиштер менен жылды жыйынтыктап жатат. Бул татыктуу жеңиштер, Кудай буюрса, мындан ары да уланып, жаңы жылда дагы да көптөгөн ийгиликтерди багындырып, ар дайым жеңиш даамын татат деп ишенем!

Учурдан пайдаланып, лидерибиз Садыр Нургожоевичти, жалпы “Мекенчил” партиясын жана ошондой эле “Жылдын мыкты блогери” номинациясын утуп алган партиянын жаш мүчөсү Талант Сагынбаевди жеңиштери менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым чындык үчүн күрөшкөн бекем команда болуп, дагы да келечек үчүн көп эмгектерди жасаштарына тилектешмин. Жылдын мыктыларын тандоодо бир эле мезгилде үч номинацияны багындырыш, албетте, бул — чоң жеңиш! Демек, эл эмгегин билип, баалап жаткандан кийин, лидерибиз боштондукка жакында чыгат, акыйкат орнойт! Ушул жеңишке адилет баасын берип, добуш берген мекендештерге да терең ыраазычылык билдирем!”,-дейт Уланбек Жээналиев.

One thought on “Уланбек ЖЭЭНАЛИЕВ: “Өмүрүнө коркунуч келген күндө да Садыр Жапаров сынган жок!”

Добавить комментарий для СагынОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.