Ата-энесин багуудан баш тарткандар үч жылга кесилет!

Ата-энесин багуудан баш тарткандар үч жылга кесилет!

Карыган ата-энелерин багуудан баш тарткандарга кылмыш жоокерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү Тажикстан парламенти кабыл алды.

Кылмыш Кодексине киргизилген жаңы толуктоолор боюнча мындан ары ата-энесин атайлап багуудан баш тарткандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Буга чейин мындай учурларда 120 сааттан 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу жазасы берилип келген.

2016-жылы Тажикстандын негизги мыйзамына киргизилген толуктоолор боюнча жашы жеткен, эмгекке жөндөмдүү балдар ата-энелерин багууга жана камсыздоого милдеттендирилген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.