Атамбаев ырчы болуп кеттиби? (ВИДЕО)

Атамбаев ырчы болуп кеттиби? (ВИДЕО)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Новый год» аттуу орус тилиндеги ырына клип тартылып, ал эл алдына жарыяланды. Буга чейин Атамбаевдин «Судьбе назло», «Я не могу без тебя жить», «Мне не страшно умирать», «Рита» аттуу орус тилиндеги ырлары жарыяланган. Атамбаевдин ыр жыйнагын Орусиялык «Мелодия» студиясы жазып чыгарган.

Ошентип эле чыгармачылык менен алектенип кетсе экен, саясатка аралашпай… Кайра саясатка кайтып келбесе экен! Атамбаевдин чыгармачылыгына ийгилик каалайбыз! ВИДЕО

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Атамбаев ырчы болуп кеттиби? (ВИДЕО)

  1. Калыбекова Чынар. Актриса, акын - драматург.:

    Өнөр кан менен жүрүп турат. Аны, — Андай экен, мындай экен! — деп, териштирүү да, сынга алуу да туура эмес. ПРЕЗИДЕНТТИК — бул бир кызмат. Ал убактылуу, чектелүү. Ал эми Жараткандан берилген ТАЛАНТ адамдын жаралгандан өлгүчө бирге жүргөн жан жолдошу. Сырдашы, сапарлашы! Мен акыркы күндөрү Экс Президент Алмазбек Атамбаев замандашымдын бир топ чыгармаланын угуп, көрүп, ал тургай сындап да жүрөм. Сөзүндө да, обонунда да бир адамды өзүнө тарткан бир керемет сезимдер жатат. Мен бул адамды Президент болуп турганында бир ирет да сөз кылбапмын. Мени ырлары арбады. Мекен. эне. жер — суу, сагыныч, баары баары жатат. Бир гана ырын мисал кылсам жетиштүү болоор. Ал КЫРГЫЗСТАН! Муну автор өзү да ырдаган. Эң сонун. Муюп угасың. Алкынып, жулкунган эч нерсе жок. Керек болсо ырды бир шыбыр менен угуучуга жеткирсе болот. Мени дагы бир ирет катуу муюткан Азербайджан ырчысы кыргыз тилинде КЫРГЫЗСТАНЫМ деп ырдап жатат. Бул биз үчүн кандай сыймык! Эмне үчүн башка музыкант, ырчылар мындай ырдаган эмес? Неге? Неге алкынып эле, жулкунуп айлан көчөк боло беришет?! Эч түшүнбөйм. Ырчынын аркасында бийлегендерди карайсыңбы, же ырчыны карайсыңбы? Фонограмма качан калат?! Бул МОДА бүттү. Мисалы, Саламат Садыкова эч бир жолу аркасына бийчилерди бийлеткен жок. Жаман болуп кеттиби? Саламат нагыз үнү менен Саламат болду. Темага кайрылайын. АТАМБАЕВ ЫРЧЫ БОЛУП КЕТТИБИ?… Эгер Жараткандан келген өнөр болсо ал кайсы бир убакта оргуштап чыгат. Мына теледен «Новый год» ыры кетип жатат. Видео да мыкты тартылган. (Мен танбайм. Бул эми каражатка жараша). Бирок неге мындай ыр мурун жаралган жок деп ойлоп коем. Мен 57ге келдим. Эгер он жашыман баштап ырдадым десем, анда 47 жыл бою биз балатыны айланып «В лесу родилась елочка» деп келдик. Дале ар бир Жаңы жылда ошону ырдашат. Жаңылык киргизген музукант да, ырчы да болбоду… Эми жазышаар…
    Мен биринчиден Алмазбаек Атамбаев агамды, замандашымды куттуктагым келет. Чын дилимден КУТТУКТАЙМ! Бар болуңуз! Чыгармачылыктагы жолуңуз түбөлүктүү болсун! Сиздин ырларыңыз элдин калың катмарына сиңип, эл сүйгөн чыгармалардан болсун дегим келет. Сизге ден соолук, ийгилик, жашоодогу жакшылыктарды каалайм. ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗ МЕНЕН!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.