Шыкмаматов бүгүн агасын акыркы сапарга узатат

Шыкмаматов бүгүн агасын акыркы сапарга узатат

 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 29-декабрда, бир тууган агасы Рахатбек Насыркановду акыркы сапарга узатат. Маркумдун сөөгү Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызарт айылындагы жерге берилет. Маркумга топурак салууга Шыкмаматовдун кесиптештери Кызарт айылына барышат.

Рахатбек Насырканов 27-декабрда инфаркттан каза болгон. 58 жашта болчу.

Депутат Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичке “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.