“Политология” китеби кыргызчаланды, чыгарууга демөөрчү издейбиз!

“Политология” китеби кыргызчаланды, чыгарууга демөөрчү издейбиз!

Көп жылдан бери мугалим кесибин аркалап, жакшы иштерди жасап, мамлекетке салым кошуп келаткан Нурзат Наматбекова “Политология” китебин орус тилинде жазып, кыргызчага котортту. Мындай иши менен чоң эмгек жасады, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошту, колго алаарлык иш кылды. Студенттер үчүн кам көргөн мугалимдин эмгегин баалаган киши болсо, дапдаяр китепти чыгарып берүүгө белсенээр, кол сунаар деген ниетте жазып жатам. Автор былтыртан бери демөөрчү издеп келет. Былтыр андагы ажо Алмаз Атамбаевге, премьер-министр Сооронбай Жээнбековго, спикер Чыныбай Турсунбековго кат менен менен кайрылса, Атамбаев менен Жээнбековдон жооп жок, Турсунбековдун жардамчысы чалып, “катыңызды алдык, жакында кабарлашабыз” деп кубанткан боюнча чалышпаптыр. Ушул убакка чейин дым. Демек, кайран каттар окулса да, окулбаса да чаңда, саргайып кала берет экен да…

Автор байларга да кат жазды. Алардан да жооп жок. Ошол кайрылган байлар, мен билгенден президенттикке талапкерлердин көбүн колдогон. Алар кызматка жанталашып, бийликке кошомат кылгандан көрө, мугалимдин эмгегин баалап, студенттер үчүн “Политология” китебин чыгарып берсе, аттары жазылып, тарыхта айтылып калмак!

Наматбекованын былтыркы кайрылуусу

18 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келаткан, 8 миң сом айлык алган Нурзат Наматбекованын былтыр жазында жазган кайрылуусуна көңүл буруңуздар!

КРнын президенти

А.Ш.АТАМБАЕВге

 КР премьер-министри

С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Жогорку Кеңештин спикери

Ч.А.ТУРСУНБЕКОВго

Кыргызстандын эл аралык

университетинин мугалими

Нурзат НАМАТБЕКОВАдан

Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сооронбай Шарипович!

Чыныбай Акунович!

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй: мен учурда Кыргызстандын эл аралык университетинде (КАУ) мугалим болуп иштейм. Өз кесибим менен 18 жылдан бери эмгектенип келем. Ушул жыл аралыгында Кыргызстандагы студенттерге жардам болсун деген ниетте жана кыргыз тилине салым кошуу ниетте “Политология” китебин жазып, аны кыргыз тилине которттум. Кыргызстанда биринчи жолу “Политология” китеби кыргызча которулду десек болот. Студенттерге жеткиликтүү, түшүнүктүү болгудай илимий тилде которулду.  Бул китеп жарык көрүп калса, кыргыз группада окуган студенттерге жакшы жардам болмок жана кыргыз тилинде “Саясат таануу” боюнча дарс окуган мугалимдерге да усулдук колдонмо катары чоң көмөкчү болот.

2017-жылдын сентябрь айына чейин (жаңы окуу жылы башталганга чейин) китеп жарык көрүп, студенттердин колуна тийип калат деген жакшы үмүттө турабыз. Тагырагы, илим билимдин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп, салым кошуп жүргөн инсан катары сиздерден жардам күтүп, үмүт кылабыз!

Сиздерден сураныч, котормочунун эмгек акысына 99 миң 600 сом (китеп 166 бет болду. Бир барагы 600 сомдон бааланды. жана китепти чыгарууга 80 миң сом жардам берүүңүздөрдү суранаар элем.

“Политология” китебин чыгарууга жана котормочунун эмгек акысын төлөп берүүгө менде каражат жок. Айлыгым 8 миң сом эле».

«Ак үйгө бут эле кирет, куттан кабар жок!»

Мына, ушундай кайрылуу менен Нурзат Наматбекова былтыр эле кайрылган. Ошондон бери бир жыл карыды. Эч кимден кабар жок. «Бут эле кирет, бут эле кирет, куттан кабар жок» деген ыр сабындай, Ак үйгө бут эле кирет, бут эле кирет, куттан кабар жок!

Урматтуу достор! “Политология” китебин чыгарып берчү адам болсо, (nurzat_n@yahoo.com) кат жазыңыздар!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.