Султан ЖУМАГУЛОВ: “Мага кийит менен эмес, идея менен келүүңүздөрдү суранам”

Султан ЖУМАГУЛОВ: “Мага кийит менен эмес, идея менен келүүңүздөрдү суранам”

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов жакшы маселе көтөрүп чыкты. Ал мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилерге чапан жаап, калпак кийгизген адатты токтотууну сунуштады. Мындай маалыматты аталган министрликтин Басма сөз кызматы таратты. Алардын айтымында, Жумагулов министр болуп келгенден кийин белекке тартууланган калпак, чапандар текчеде жыйылып, чаңда жатыптыр. Жаңы жыл алдында да министрди куттуктап келип, ага кийит кийгизип кетишиптир, ошондо министр мындай деген экен:

— Кесир болбосун, бирок, чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карылык дооронун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын жыртып келе бересиздер го. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.