Абалы оор абактагы Асановдон Отунбаева кабар алып чыкты

Абалы оор абактагы Асановдон Отунбаева кабар алып чыкты

СҮРӨТТӨ: Бектур Асанов Жалал-Абад облусунда губернатордун милдетин аткарып турганда Роза Отунбаева менен учурашуусу…

«24.kg» агенттигинин маалыматына караганда, 22 күндөн бери абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асановдун абалы начар, акыбалы оор. Бул боюнча түрмөнүн дарыгерлери ачык маалымат беришпей жатканы боюнча, атүгүл  Асановго жактоочусун да киргизбей жатканын аталган сайт жазып чыкты.

Ал эми бүгүн экс-президент Роза Отунбаева абактагы Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкканы боюнча “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Эскерте кетсек, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып менен 2016-жылы камалып, райондук, шаардык сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар УКМКнын жетекчиси А.Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып, 30-январдан тарта ачкачылык кармап баштаган. Бүгүн суу иче баштагандары да кабарланды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.