Жеңишбек ЖУМАКАДЫР, төкмө акын: “Кыргыз тили боюнча чакырыкты мен тараткан жокмун, бөлүшүп койгом”

Жеңишбек ЖУМАКАДЫР, төкмө акын: “Кыргыз тили боюнча чакырыкты мен тараткан жокмун, бөлүшүп койгом”

WhatsApp, Facebook баракчаларына “орусча сүйлөгөндөргө кыргызча жооп кайтарыш керек”, “сатуучу кыргызча сүйлөбөсө, ал жерде соода кылуудан баш тартабыз” деген чакырык жазылган сөз тарап, аны колдоп, бөлүшкөндөр оголе көп болду. Бул чакырыкты төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тараткандай кабыл алып, аны алкап жазгандар да болду. Айрым сайттар “Бул боюнча Жеңишбек Жумакадырды УКМК чакырып, суракка алыптыр” деп жазып чыгышты. Ошондон улам, төкмө акынга бир нече суроо менен кайрылдык. 

-Жеңишбек, сени УКМК чакырып, суракка алганы чынбы?

— Жок, чакырган жок, чалган да жок, азырынча.

— Мындай чакырык сага кимден келди эле?

— Кимден келгени эсимде жок. WhatsApp, Facebook баракчама келген. Бирок, аны колдоп, бөлүшүп койгонум ырас.

— Бул боюнча УКМК териштирүү ишин баштаганын угуп, бөлүшүп койгонуңа өкүнүп калган жоксуңбу?

— Жок. Негизи ошол келген нерсени оңдоп, кооздоп жазып койсом болмок экен деп өкүнүп отурам. Кандай келсе, ошол бойдон коюп койгом да. “Сатуучу кыргызча сүйлөбөсө, соода кылбай коюш керек” деген жери катуу тийди го деп ойлоп калдым. Мен “башка тилде сүйлөбөгүлө, билбегиле” дегенден алысмын, анткен жерим жок. Кыргыз жигиттеринин тилге күйгөндөгү абалын колдоп койдум. (Күлүп) Кыргыз тилин колдоп коюу ушунчалык кылмышпы?

Рахат СУЛАЙМАНОВ, УКМК өкүлү: “Бул боюнча териштирүү иши жүрүп жатат”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Басма сөз катчысы Рахат Сулаймановго чалып, мындай жооп алдык.

«Рахат мырза, мындай чакырыкты тараткан кишини тапсаңар, кандай чара көргөнү жатасыңар? Бул чакырык ушунчалык кылмыштуулукка жатабы?” десек, “бул чакырыкты иликтеп жатабыз, башка эч нерсе айта албайм”,-деди.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.