Аида САЛЯНОВА: “Калпычы, коркок, эки жүздүүлөрдү үлгү кылып жатышат!”

Аида САЛЯНОВА: “Калпычы, коркок, эки жүздүүлөрдү үлгү кылып жатышат!”

Депутат Аида Жеңишбековна бүгүн парламентте катуу сүйлөп, азыркы бийлик, сот, Башкы прокуратура, УКМК боюнча ачуу чындыкты айтты. Ал чындык айрым сайттарда үзүл-кесил берилүүдө, толугу бул жерде.

“Күнкарама соттор менен өлкөнүн келечеги жок” 

Урматтуу депутаттар! 

Биздин Баш мыйзамыбызда “Кыргызстан укуктук, демократиялык мамлекет” деп жазылган. Көз карандысыз сот болмоюнча, бул жөн гана кыял боюнча кала берет.

Сот реформасы канча жылса, ошончо мамлекет өнүгөт. Бул лакмус кагазындай эле. Коррупциялашкан, өз позициясы жок күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок.

Биринчиден, Мыйзам. Экинчиден, күбөнүн баары мен тарапта болгонуна карабай, сот укуктук эмес, саясый чечим чыгарды. Айта кетчү нерсе, менин эмес, тергөөнүн тапкан күбөлөрүнүн баары “лицензия мыйзамдуу жандандырылган” деп көрсөтүштү. Мамлекетке бир тыйын зыян болгон жок. Мамлекеттик кызматкерлер чечимдерди саясаттын эмес, мыйзамдын негизинде кабыл алышы керек. Ал үчүн алар коркпошу керек.

Оппозициянын үстүнөн токулган иштер коомдук резонанс менен өткөндүгү үчүн сот системасынын түп тамыры менен чиригени оркоюп көрүнүп калды. Мындай өз билемдик карапайым элдин арасында болбойбу!? Сөзсүз болот. Ар бир шаарда, айылда, өч алам деп жүргөн, көөдөнү кекке толгон бийлиги бар, байлыгы бар адамдар толтура. Алар дагы көптөгөн адамдардын убалына калып жатканы тууралуу нерсе. Демек, бул жалпы мамлекетке тиешелүү илдет.

“Сот менен прокуратуранын уюшуп иш алып барганы – бандитизм!”

 Бүгүн прокуратура, Сот жана УКМК уюшуп алып иш алып барууда. Мен Башкы прокурор болуп турганда, азыр бирөөгө ал мезгил жагабы, жакпайбы, ар бир орган өзүнүн тикелей функционалдык милдеттери менен алек болчу. Бүгүнкү күнү сот системасы менен прокуратуранын уюшулуп алып кылган иштери — бул саясый бандитизм!

Менин үстүмдөн чыккан өкүмгө ылайык, ЦАРИИ элдин алдында өзүн өзү компрометация кылган орган деп табылды. Соттун чечими — бул расмий укуктук акт. Демек, жалпы ЦАРИИдеги иштеген адамдарды Кыргыз мамлекетин уят кылган адамдар деп расмий таанылды. Демек, өкүм мага эмес, ошол Кыргыз мамлекетин уят кылган адамдардын үстүнөн чыкты. Алар кимдер? Премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев жана башкалар. Мен буларды жаман деп айткым келбейт. Бирок кош стандарттуулуктун дагы чеги болушу керек да.

Айыптоо корутундусу боюнча кеп ЦАРИИ жөнүндө эле болгон жок, кеп ошол эле президент Бакиевдин Аппараты жөнүндө болуп жатат. Ал дагы президент Институтуна кирчү. Эми ошол жерде жетекчи кызматында иштеген Индира Жолдубаева  өзүнүн ичкен кудугуна түкүрүп, өзү иштеген мекемени Кыргыз элинин алдында абийири кеткен институт деп тааныды. Мындай кишиден жакшылык, үмүт кылса болобу? Кичине ар-намыс деген, ички жоопкерчилик деген болушу керек. Жаманаттуу кылуу, беделин түшүрүү, абийирин кетирүү, көпчүлүк алдында жаман атка кондуруу деп сөздүккө ылайык орусчадан кыргыз тилине «компрометировать» деген сөз которулат экен.

Мени, лицензия узартылгандан кийин үч жыл, алты жыл өткөндөгү окуялар үчүн соттоду. Өкүмдө ошентип эле жазылып турат: “В 2010 году возобновила лицензию осуждённому Елисееву” деп. Ал болсо сот аркылуу күнөөлүү деп 2013 жана 2016-жылы табылган.

“Бала алы келбегенде, улуу агасын чакырып келип, сабаткандай эле болду”

Эртең прокуратура Жогорку сотко жаза жумшак болуп калды деп нааразы болмоксон болуп кайрылса, ага танкалбаш керек. Анткени Коопсуздук кенешиндеги президенттин коррупция жөнүндөгү сөзү прокуратура үчүн сөз эмес, прокуратура үчүн мен жоопко тарткан адамдардын сөзү сөз.

Коррупция менен күрөшү бүгүн максатына жеткен жок. Мен эле эмес, көптөгөн укук коргоо органдарында иштеген адамдардын мээнети таланып-тонолуп, жалпы ийгиликтерди дискредитацияга алып келди. Коррупция менен күрөшүү биздин мамлекетте мыйзам алдында баары бирдей болгон күнү гана ийгиликтүү болот.

Мен өзүм үчүн эмес, жалпы укук системасынын келечеги үчүн Сиздерди, урматтуу депутаттар, сот жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын талап кылууну өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин мойнунда.

Бийликти пайдаланып өч алуу, мен үчүн баягы бала алы келбегенде улуу агасын чакырып келип өзү менен тең балдарды сабаткан менен эле барабар. Бул алсыздык. Бул жигитчиликке дагы жатпайт. Бизден өч алам деген адамдар бизден таза, бизден бийик болушу керек эле. Мына ошондо биз жеңилмекпиз. Ошол оппозицияны баш көтөргүс кылмак. Ошол деморализацияга алып келмек.

Дагы бир мамлекеттеги чоң илдет жөнүндө айткым келет. Бул калп. Калп айтуу расмий идеология болуп калды. Саясый оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизгиси куралы. Калпты мамлекеттик деңгээлде колдонууга, кубаттаганга, тыйуу салуу боюнча саясый эрк керек.  Калпты жакшы өздөштүргөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды эмес, адам саламдашуудан уялгандай кылып, жийиркенгендей кылышыбыз керек. Мына ошондо прогрессивдүү мамлекетке жол салынат. Өлкөдөгү проблеманын баары адеп-ахлакка байланыштуу. Карагылачы, акыркы убакта коомго, жаш муундарга кимди үлгү кылып көрсөтүп жатабыз – калпычыларды, коркокторду, эки жүздүүлөрдү.

Кабыл алына элек мен жазган бир нече мыйзамдар бар. Колдоп, кабыл алып коюнуздарды өтүнөм.

Депутат болгонума эки эле жыл болсо дагы мен үчүн бул чоң тажрыйба болду.

Баарыңыздарга ыраазычылык билдиргим келет. Иштериңиздерде ийгилик болуп, үй-бүлөнүздөр менен аман-эсен болуңуздар!

Видеосу:

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.