Таласта 6 метр жылан чыктыбы?

Таласта 6 метр жылан чыктыбы?

Он киши көтөрүп турган жыландын сүрөтү менен кошо маалыматты Таластагы инибиз Мирлан Салиев Whatsapp аркылуу жөнөткөн экен. Сүрөттү көрүп, көргөн көзүбүзгө ишенген жокпуз. Көрсө…

 

Эки кыздын атасы, 28 жаштагы Өскөн уулу Токтобек Талас районунун Кара-Кол айылында жашайт. Жыгач уста. Узундугу 6,5 метр болгон жыланды жасаган. Муну жасаганга бир ай убактысы кеткен. Аны кантип жасаганы боюнча буларды айтты: “Өзгөчө буюм жасагам келип, токойго барып, анакондага окшош талды таап алып, үйгө алып келдим. Анын узундугу — 6,5 метр. Аны чегип, оюп чыктым, бычак менен жасадым, анан боеп койдум. Муну жасоого бир ай убакыт кетти. Өз колум менен биринчи жолу жасагандыктан сатпайм. Айыл ичиндеги музейге койдурсам деген ниеттемин”.

Дагы бир жылан жасайм деп турган Токтобекке ийгилик каалайлы. Өнөрүң өркүндөй берсин,Токтобек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.