Чубак ажыга эскертүү берилди!

Чубак ажыга эскертүү берилди!

Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун Ноорузду майрамдоодон баш тартууга чакырык таштаган видео социалдык түйүндөрдө тарап, ал талкууга алынган.  Бул видео тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия үн катты. Аталган комиссия Чубак ажы Жалиловдун билдирүүлөрү коомду бөлүп-жарууга түртөөрүн айтып, Чубак ажыга эскертүү иретинде кайрылуу катын жөнөткөн.

Ошондой эле комиссиянын кайрылуу катында, Нооруз Кыргызстандын Эмгек кодексинде мамлекеттик майрам катары расмий бекитилгени, аны майрамдоодон баш тартуу тууралуу чакырык Кыргызстандын Баш мыйзамына каршы келери жазылган. “Ноорузду майрамдоодон баш тартууга” үгүттөө ханафит мазхабынын принциптерине да туура келбей турганы жана ислам дининин, Кыргызстан элинин салт-санаасына, маданий баалуулуктарына каршы коюу катары бааланары айтылган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.