Көпүрөдөн секирип кеткен кыздын сөөгү изделүүдө

Көпүрөдөн секирип кеткен кыздын сөөгү изделүүдө

Көпүрөдөн сууга секирип кеткен студент кыздын үй-бүлөсү “университеттегилер өз жанын кыюуга чейин жеткиришкен” деп эсептешүүдө. Университеттен чыккандан кийин, Мукаддас Насыралиеванын көпүрөдөн секирип кеткенин Киев шаардык прокуратурасы да ырастаган. Ал учур көзөмөл камерасына тартылып калган.

Бул окуя Киевде болгон. Учурда куткаруучулар түркмөнстандык студент кыздын сөөгүн издеп жатышат. Болжолдуу версия боюнча, ал университеттеги көйгөйлөрүнөн улам, Днепр суусуна секирип кеткен. Бул иш боюнча Киев прокуратурасы тарабынан адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Кыздын өлүмүнө ал билим алган медициналык окуу жайдын жетекчилиги шектелүүдө. Бул окуяга байланыштуу апта башында чет элдик студенттер менен иштөө боюнча декандын орун басары жумуштан алынган.

Мукаддастын визасынын мөөнөтү аяктап, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн. Ошол эле маалда ал сабактарга барып, сынактарды тапшыруусун уланта берген.

Адвокат Ровшанбек Розметовдун айтымында, деканат кыздын студенттик визасынын мөөнөтүн узартууга керек болгон документке кол коюп бербей койгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.