10 миң долларга керебет сатып алган кыргыз кызы

10 миң долларга керебет сатып алган кыргыз кызы

Корей керебетин 10 миң долларга сатып алып, 9 жылдан бери иштетип, элге денсоолук, сулуулук тартуулап келаткан Дилдекан Нусубалиева. Бул керебетке кызыгып, маек курганы барып калдык. Ал жерге баргандардын айтымында, көбүнчө грыжа болгондор, операциядан качкандар барат экен. Атактуу адамдар өздөрү же алардын аялдары барарын да айтышты. “Белим ооруп, баса албай калгам, ушул жерден айыктым, Диляга рахмат” деп алкандар да болду. Ал аңгыча Дилдекан айым бошоп, кабыл алып, кызыктуу маек куруп берди.

— Дилдекан айым, алгач эле бизди кызыктырганы сиздин кесибиңиз. Сиз врачсызбы же башка кесиптин ээсисизби?

— Бул жерге жаңы келген пациенттердин арасынан ушул суроону берип калышат. “Врачсызбы?” деп сураганда, мен аларга: “Мына врачтар (бөлмөсүндөгү  керебеттерди көрсөтүп, күлүп, андан ары сөзүн улантты – авт.). Булар бардык программа менен иштешет. Мен болгону ошол программаны башкарам, булардын башкы врачымын. Мына азыр деле өзүңүздөр күбө болуп турасыздар, керебетте пациенттер жатат, “темир врачтар” өздөрү эле иштөөдө, мен болсо силер менен баарлашып отурам. Өздөрү иштеп жатат дегеним, убактысы менен өчүрүп турат. Бул аппараттарды иштетип жатканыма 9 жыл болду. Ушунча жылдан бери бир дагы кишиден нааразычылык укканым жок. Бата берип, ыраазычылык гана билдирип келатат. Келген элге эртеден кечке түшүндүрүп берем. Чарчап калганда планшетти коюп берип коем, ошол жактан көрүшөт. Негизи элге сүйлөөдөн тажабайм. Себеби, кичине кезимде диктор болгум келчү. Диктор болом деген кыял менен мугалимдин окуусун окугам. Ал убакта диктор, алып баруучулукту даярдаган окуу жай жок болчу, азыр болсо бар. “Мугалимдин окуусун окусаң, диктор болосуң” деп атам айылдан узаткан. Андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарына келип, Кыз-келиндер (Женпед) жогорку окуу жайын бүтүргөм. Кесибим – мугалим. Өз кесибим менен да иштей алган жокмун. Себеби, 1985-жылы, окуу жайды бүтөрүм менен аскер (военный) адамына турмушка чыгып, үй-бүлө куруп кеттим. Жолдошум кесибине байланыштуу жер кыдырдык. Бирде Таласта, бирде Чүйдө дегендей, тээ Орусияга чейин бардык. Мен болсо көп жумуштарда иштеп, универсалдуу кесиптин ээси болуп калдым. 2007-жылы Бишкекке көчүп келдик. Иштеш керек болуп, 10 миң долларга ушул аппаратты сатып алгам.

— Кечиресиз, сиз ошондо бул керебетти, аппараттарды бизнес кылуу үчүн сатып алдыңызбы, же?

— Жок, андай максатта эмес, элге кызмат кылуу үчүн сатып алгам. Мен көргөндү эл да көрсүн дегем, дегеним, алгач өзүм ушул аппараттар менен дарылангам. Бөйрөгүм ооручу. Ушудан жакшы болгом. Керебет эмес эле, керемет экен, денсоолукка пайдалуу турбайбы деп, он миң долларга сатып алгам. Мага келип жүрүп, капчыктуулар бир жумадан кийин сатып алгандар болот. Алам дегендерге дарегин берип коем. Бир корей киши сатат. Алгандардын көбү аянттагы “Илбирс” имаратына коюп иштетишти. Ысык-Көлдөгү Караколго чейин алып барып иштетип көрүштү, бирок, кайра жаап коюшту. Себебин сурасам, эл аз барганына байланыштуу токтотушуптур. Менде деле ар кандай болуп калат: кээде эл көп, кээде аз. Бул жерде талыкпаган эмгек, чыдамкайлык керек. Тогуз жылдан бери чыдап, эмгектенип келатам. Тогуз жылдан бери келип, дарыланып турган пациенттерим бар. Эл батасын берип атат. Алкыш менен алдыга жылып келатабыз. Элден айланса болот, жакшы реклама кылып беришти жана берүүдө. Себеби, мен реклама кылбайм, эл өзү реклама. Биринен бири угуп эле келүүдө.

— Эл кандай оорулар менен көп келет?

— Көбүнчө грыжа менен кайрылышат. Нерв, жүрөк, бел. Белинен баса албай калгандар, операция болгулары келбегендер келишет. Белинен баса албай келгендерге аппарат ар кандай таасир берет, бирине эрте, бирине кеч. Эрте дегеним, эртеси эле “жакшы болуп калдым” дегендер болот же эки күндөн кийин, түз басып кеткендер бар. Башы ооругандар, хондроз болгондор келет. Кыскасы, бардык оору менен келишет да, айыгып кетишет. Мен ошого сүйүнөм.

— Дарылануу канча күн?

— Минимум он күн. Таасир берсе, сөзсүз ооруйсуң: башы ооруп калат, кусат, температура болот, алы кетет. оорулар менен күрөшөт. Андан коркпош керек, кайра сүйүнүү керек. Анткени, денеде оору менен күрөшкөн процесс жүрүп атат да. Муну келип жүргөндөр жакшы түшүнөт. Жаңы келгендерге ушул жагын да түшүндүрөм. Бул аппарат кимдерге болбойт? Боюнда барларга, жашы өтүп калгандарга, бир жери сынган же операция болгондорго болбойт!

— Баасы канча?

— Баасы өтө эле арзан. Кымбат кылганда карапайым эл акчасын көтөрө да, дарылана да албай калат. 40 мүнөт — 100 сом деп айтам. Негизи үч процедура чогуу айтылат. Үч процедура – 200 сом. Баасын угуп, сүйүнүп кетишет. “Арзан экен. Колум көтөрүлбөй калганда, больницага 20 миң сом төлөп жаттым эле. Айыккан жокмун, ошол көтөрүлбөгөн боюнча эле кайра чыктым”,- деп кейип келип, бул жерден жакшы болуп кеткендер бар. Операция болом деп үстөл үстүндө жатып, бул жакты угуп калып, ал жакты таштап, качып келгендер да болгон. Алар да жакшы болуп кетишти. Элди дарылоодон ырахат алып, рахматын угуп келатам, Кудай ушуну кут кылсын!

Айгүл АЛЫБЕКОВА, пациент: “Кемпир болуп келип, кыз болуп кетесиң”

Дайыма барып, дарыланып турган Алыбекова Айгүл айымды кепке тартсак, суроо бере электе эле күлкүлүү сөз менен кеп баштады.

-Бул жерге келген кемпирлер кыз болуп кетет. Бул аппараттар жашартат, сулуу кылат. Тамаша экен дебегиле, бул чындык. Бир кемпир келген экен, ушул кроваттан жакшы болуп, жашарып кетиптир. Ошондон угуп келип, жашарып атам. Өзүм 54 жаштамын. Бул жердегилер 21-кылымдын врачтары экен. Бардык нерсени “темир” аткарат, аны башкы врач Дилдекан башкарат. Ушулардын колунан жакшы болуп калдым. Бутум ооруп келгем. Дайыма шишип турчу. Шишиктен баса албай, бут кийимдерим батпай калган. Азыр батып, басып калдым. Биринчиден, Кудайга, анан ооруулар үчүн кызмат кылып, кымбат керебет алып, арзан баада дарылап жаткан Дилдеканга рахмат. Бул жерге врачтар өздөрү келип, дарыланат экен. Атактуулар, атактуулардын аялдары да келет экен.

— Мисалы, кайсы атактууларды көрдүңүз?

— Асылбек Өзүбековдун аялын көрдүм. Ал эже менен сүйлөшүп калганда, колу көтөрүлбөй келип, ушул жерден айыкканын айтып берген. “Колум көтөрүлбөй, желкеме жетпей калган. Чачымды тарай албай калгам. Азыр колум желкеме эмес, башыма жетет. Аялдар сулуулугун сактайм десе же сулуу болом десе, ушул жерге келүү керек. Себеби, бул жерден жашарып чыгасың. Менин курсагым бар эле, ал жок болду”,- деп күлдүргөн. Бул чындык. Эже 61 жашта болгону менен андай көрүнбөйт, өз жашынан жаш көрүнөт экен. Андыктан, аялзатынын баарын жашарууга, денсоолукту чыңдоого ушул жерге чакырат элем. Дарегин да айта кетейин, Ибрагимов көчөсүндө жайгашкан “Магистр” борборунда. “Достук” мейманканасына катарлаш жайгашкан. Дилдекандын телефону 0771 565 673. Чалыңыз, келиңиз!

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.