Дыйкандарга, мал чарбасына насыя берилет

Дыйкандарга, мал чарбасына насыя берилет

Финансы министрлиги 2020-жылга айыл чарбасына колдоого багытталган жеңилдетилген насыяларды берүүгө бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралганын билдирди. Каралган каражаттын 50 пайызы мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка 25 пайызы жана кайра иштетүүгө 25 пайызы берилет.

Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорун бекитти. Ага ылайык, өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы үчүн жылына 10 пайыз, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына 6 пайыз менен, багбанчылык 8 жылдык үстөк менен насыяларды берүү улантылат. Насыяны берүү мөөнөтү үч жылга эсептелген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.