Экс-вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев каза болду

Экс-вице-премьер-министр Эсенгул Өмүралиев каза болду

Эки жолу вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев узак оорудан улам, 68 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү эртең Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Коштошуу зыйнаты Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

Эсенгул Өмүралиев Ысык-Көл облусунда Тоң айылында 1950-жылы туулган. Фрунзе Политехникалык институтун бүтүргөн. 2016-жылга чейин Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп эмгектенген.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.