Оштогу индия студентинин өлүмүн министрлик иликтейт

Оштогу индия студентинин өлүмүн министрлик иликтейт

Ош мамлекеттик университетинде Индиядан келип, медициналык факультетте окуп жаткан индия жараны Оштогу ооруканага түшүп, каза болуп калган. Анын өлүмүнүн себеби иликтене турганы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 22-февралда, студент ооруканага перитонит деген диагноз менен келип түшүп, операция болгон. Операциядан кийин реанимацияга которулуп, эсине келе албай каза болгон. Операция жасалган соң, ал панкреонекроз дартынан жабыркары белгилүү болгон. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча иликтөө жүргүзгөнү жатат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.