ЖУЛИЯ: “Мен вампирмин, ай сайын 2 литр кан ичем”

ЖУЛИЯ: “Мен вампирмин, ай сайын 2 литр кан ичем”

Вампирлерди кинодо гана көрсөк, жашоодо дагы бар экен. Көргөн көзүңө, окуган нерсеңе, уккан кулагыңа ишенбей да кетесиң. Адамдын канын ичип келаткан Жулия Кейплс бүгүн эле чыга калган жок. Ал 90-жылы дүң болгон.  

Балакеттин баары Америкадан чыгат. Бул шумдук аял азыр 50 жашта. Американын Пенсильвания штатында жашайт. Эки баланын энеси. Ал 30 жылдан бери кишинин канын напиток катары колдонуп келет. Ал ай сайын 2 литр адам канын ичет коет экен.

“Күрөө тамырын тиштетип, кан бере турган адамдарды башында Интернеттен издегем. Көрсө, кан бере турган адамдар бар экен. Мен аларга акча төлөбөйм, алар мага акча төлөйт. Анткени мен вампирмин, алар менин фанаттарым. Алар мага канын ичирүү үчүн күн-түн дебей чакырышат. Бирөө колунун күрөө тамырын тиштетет, бирөө болсо мойнун тиштетет. Ар ким ар кандай… Адамдын канысыз жашай албайм. Анткени, ал мага энергия берип, сулуулук тартуулайт. Ай сайын 2  литр адамдын канын ичем. Кан ичүү менен дүйнөгө дүң болдум. Бирок, менин максатым атак-даңк алуу же акча жасоодо эмес. Менин максатым жаш вампирлерди коргоо. Ушундайымдан жумуштан чыгып, шаардан качкам. Менин жашоом жөнөкөй болгон. Мен деген мен. Дагы эле болсо мен иштеп, үй-бүлөмдү багууга кудуретим жетет жана башкаларга дагы жардам бере алам”,-дейт Жулия.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.