Элдик Курултайга Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков чакырылды!

Элдик Курултайга Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков чакырылды!

Кечээ, 26-февралда, Элдик Курултайды уюштуруу комитети түзүлүп, ага тѳрага болуп жаш саясатчы Айбек Мырза бир добуштан шайланды. Алар төмөндөгүдөй билдирүүнү бүгүн таратты.

Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил Күчтѳрдүн Биримдигинин (КУМКБ) алдындагы Туруктуу Элдик Кеңеш (ТЭК) билдирет!

Кыргызстанда жѳнѳкѳй эмес, коомдук-саясий кырдаал түзүлдү. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков шайланып, ишке киришкенден бери 100 күндүк убакыт ѳтсѳ да, мамлекеттик ѳнүгүү багытында эл ишенээрлик кадамдар байкалбай жатат. Бирок, Кыргыз эли жаңы Президенттен чечкиндүү кадамдарды жасоону, ѳз алдынча саясат жүргүзүүнү жана авторитардык башкарууну түп тамыры менен жоюсун күтүүдѳ.

Баш мыйзамдын 52-беренесинде турган Элдик Курултай институту жөнүндө мыйзам кабыл алына элек, ачык көз карашын билдирген инсандардын артынан саясий куугунтук жана сѳз эркиндигине болгон кысым уланууда. “Кумтөр” маселеси чечилбеди, Ош коогалаңынын чыныгы күнѳөкөрлөрү табылып жазасын алган жок, Батукаевди мыйзамсыз бошоткондор жоопко тартылбады, бир канча адамдын өмүрүн алган “Дача Суудагы” кырсык жабык бойдон турат, кадр саясаты элдин эмес, бир адамдын кызыкчылыгына жараша жүрүүдө, элди жумуш орундары менен камсыздап, экономиканы көтөрүү аракети жетишсиз болууда, ТЭЦке бѳлүнгѳн 386 млн. доллар каражат максаттуу пайдаланылгандыгы жѳнүндѳгү маселе ачыкталбады, мамлекеттик коопсуздук жана чек ара маселелери Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык чечилбей келүүдө.

Эгемендик жылдарынан бери уланып келе жаткан системдик кризистин себептери жана кесепеттери коомдо кайрадан чыңалууну пайда кылууда. Шайлоолор, революциялар болуп, өлкө башындагы адамдар алмашканы менен коомдук-саясий башкаруу түзүлүш, мамлекеттик идеология түк өзгөрбөгөндүктөн, элдин жашоо турмушунда эч кандай жакшы жакка жылыштар байкалбайт. Акыркы мезгилде мындай акыбал менен макул эместигин билдиришкен миңдеген мекендештер Туруктуу Элдик Кеңешке Элдик Курултай өткөрүү демилгеси менен чыгышууда.

Кыргызстандагы түзүлгөн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кырдаалды жана коомдук пикирди эске алуу менен Туруктуу Элдик Кенеш азыркы колдонуудагы Конституциянын 52-беренесине таянып, март айынын аягы, апрелдин башында Жалпы Элдик 3-Курултайды Бишкек шаарында, же облустардын борборлорунун биринде өткөрүүнү сунуштайт.

Демилгелүү топтун 26-февралда ѳткѳн жыйынында Элдик Курултайды уюштуруу комитети түзүлдү жана тѳрага болуп жаш саясатчы Айбек Мырза бир добуш менен шайланды.

Урматтуу мекендештер!

Кайдыгер эмес баардык тараптарды биргелешип, иш алып барууга чакырабыз. Уюштуруу комитетинин мүчѳлүгүнѳ эшик ачык, татыктуу адамдарды сунуштасаңыздар болот.

Ал эми Элдик Курултайдын күн тартиби жѳнүндѳ маселе да калың элдин каалоо – тилектерин, ой-максаттарын эске алуу менен аныкталарын билдиребиз.

Элдик Курултайга делегаттардан сырткары, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековду, экс-президенттер А. Акаев, К. Бакиев, Р. Отунбаева, А.Атамбаев, экс-спикерлер, экс-премьер-министрлер, бийлик бутактарынын жана ММКнын ѳкүлдѳрү чакырылат”.

Байланыш телефондор: 0777 54-30-28, 0557 92-47-32, 0700 92-47-32,

Бишкек ш. 27-февраль, 2018-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.