Шыкмаматовдун абалы жакшырып, палатага которулду

Шыкмаматовдун абалы жакшырып, палатага которулду

Жогорку Кеңеш депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов оор абалда атайын оорукананын (спецбольницага) жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 5 күндөн бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Бүгүн акыбалы жакшырып, палатага которулганы маалым болду.

Шыкмаматов 22-февралда өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөн. Врачтардан инфаркт абалда дешкен. Депутат буга чейин Кардиологияга жүрөгүнөн жатып, дарыланып чыккан. Жардамчысынын айтымында, ал дайыма эле дары ичип жүрөт. Негизи ушуга жеткирген бийликтин сасык саясаты болду. Жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоп, сотко сүйрөп жатышат. Шыкмаматовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Биринчи май райондук соту 5 миллион сом айып пул салган.

Алмамбет мырза, тезинен сакайып кетиңиз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.