9 жаштагы кызды кар көчкү басып калып, көз жумду

9 жаштагы кызды кар көчкү басып калып, көз жумду

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарындагы капчыгайында кар көчкү жүрүп, кызды басып калып, каза тапканы тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Каприз» эс алуу борборуна Орусиядан келген  үй-бүлө эс алууга барышкан. Бүгүн ал жерден 4-5 км алыстыкта, саат 17:00до кар көчкү жүрүп, 9 жаштагы кызды басып калган. Кыздын ата-энеси менен эс алуу борборунун куткаруучулары кар катмарында калган кыздын жансыз денесин табышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.