Асел АЛЫМБАЕВА: «Жаштарга жоктон бар кылууну үйрөтөбүз”

Асел АЛЫМБАЕВА: «Жаштарга жоктон бар кылууну үйрөтөбүз”

«Мен ишкермин» аттуу жаш ишкерлер клубу түзүлүп, ал 17-мартта ачылганы турат. Анын негиздөөчү — Асел Алымбаева. Бизнес-тренер менен клубдун максаты, багыты боюнча баарлаштык.

-Асел айым, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

-Мен өзүм Токтогул районунун Толук айылынан болом. Үй-бүлөдө үч уул, үч кызбыз. Бир туугандардын экинчисимин. Кесибим боюнча финансистмин. Учурда жеке ишкерлик менен иш кылуудамын, жеңил өнөр жай тармагында өндүрүш менен алектенем. Үй-бүлөлүүмүн, эки кыздын энесимин.

–  Жеке ишкер болсоңуз, анда ачык айтыңызчы, клубду бизнес кылуу үчүн ачып жатасызбы?

— (Күлүп) Жок. Көпчүлүк жаштар мектепти аяктагандан кийин, коомчулуктан өз ордун таба албай кыйналышат, кайда барарын, эмне кыларын билбейт. Мына ушул өңүттөн алганда, аларга колдоо керек. Жаштарга жардам берүү максатта жаш ишкерлер клубун ачканы турам.

– “Жаштарга жардам берүү” деп калдыңыз, финансылык жактанбы, же?

– “Балык тутуп бербестен, балык тутканды үйрөт” деген кыргызда жакшы кеп бар эмеспи. Биз жаштарга акчалай жардам бербейбиз, акчаны кантип табуу керектигин үйрөтөбүз. Ага ийгиликтүү жетүү жолун, туура багытын жана ишкерлик боюнча кеңири маалымат беребиз.

-Аймактагы жаштарга кантип маалымат жеткиресиңер?

-Аймактардагы жаштарга маалымат жеткирүү үчүн «НТС» телеканалынан атайын теледолбоор даярдап жатабыз. Кимдин күчтүү бизнес долбоору же идеясы болсо, биздин программага катышып, өз идеясын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк ала алат.

— Жаштарга жоктон бар кылууну үйрөтөбүз деңизчи?

— (Күлүп) жалпак, жөнөкөй тил менен айтканда, ошондой. Негизи биздин клубдун башкы максаты – жаштарга бизнес багытында сапаттуу билим берүү жана аларга туура жол көрсөтүү, тажрыйбалуу бизнесмендер менен жаш, жаңы гана бизнес баштаган ишкерлерди жолуктуруу, тажрыйбасы менен бөлүшүү.

-Сиздердин клуб башка ишкерлердин клубунан эмнеси менен айырмаланат?

– Башка ишкерлер клубуна жалаң жетишкен ишкерлер мүчө болсо, биздин клубга өзүн өзү өнүктүрүүнүн үстүндө иштейм деген жана бизнес баштайм деген адамдар мүчө боло алышат. Ошондой эле тажрыйбалуу ишкерлер да мүчө болуп, жаш бизнесмендерге өз тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Бул бир. Экинчиден, биздин сабактардын 70 пайызы кыргыз тилинде болмокчу, ошол эле учурда, бизде курстар башкаларга салыштырмалуу баасы бир кыйла төмөн.

-Клубду ачууда кыйынчылыктар болсо керек?

– Албетте. Бизнес боюнча билимим жок болгондуктан, бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгом. Бизнес боюнча китептерди алып окуюн десем же тренингдерге барайын десем баалары кымбат. Анда студент элем. Айылдан шаарга жаңы келген кез. Экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошкум келген кыялды ишке ашыргым келип, ушул клубду негиздедим. Клубду ачууга бир жыл убакыт кетти. Алгач ачылыш аземин кылып алсак, анан алдыда пландарды ишке ашыра баштайбыз, анткени, алдыда пландар өтө эле көп. Пландарды айта кетсем, Кыргызстанда бизнес туурасында масштабдуу билим берүү борборуна айлануу. Жаш бизнесмендер менен ийгиликтүү бизнесмендерди бириктирген бир борбор түзүү. Бизнес боюнча эл аралык стандартка жооп бере турган, эл аралык деңгээлде билимдин сапатын жогорулатуу жана ар дайым ар түрдүү форматта белгилүү бизнес-тренерлерди алып келип тренингдерди өткөрүп туруу.

– Жакшы экен. Клубдун ачылышы качан болот жана ага кимдер чакырылды?

-Клубдун расмий түрдө ачылышы 17-мартта, Филармонияда болот. Ачылыш аземине Орусияга белгилүү бизнес-тренер «Black Star Burger» компаниясынын жетекчиси Илья Кусакинди чакырып жатабыз. Ал маркетинг жана сатуу боюнча эң баалуу маалыматтарды бермекчи.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.