Кенжебек БОКОЕВ: “Жогорку кызматтагылардын кош жарандуулугун текшертүү керек!”

Кенжебек БОКОЕВ: “Жогорку кызматтагылардын кош жарандуулугун текшертүү керек!”

Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбек тууралуу маселени Жогорку Кеңеш талкуулап, тиешелүү мекемелердин маалыматын угуу сунушун бүгүн парламентте депутат Кенжебек Бокоев айтты.

“Жогорку Кеңешке Тышкы иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук комитетин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигин чакырып, Асылбек уулу Дамирбек тууралуу айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн сурашыбыз керек. Бул  боюнча суроолор түшүүдө, биз маалыматтын жоктугунан жооп бере албай жатабыз. Башка саясий жана жогорку кызматтагылар боюнча эмне кылабыз, алардын жарандыгын? Текшертейли баарын анда. Эл ызы-чуу болуп жатпайбы “мындай болсо, эртең президенттикке башка мамлекеттин жараны келип калса” деп. Жогорку кызматтагы жетекчилерди текшертүү керек!”,-дейт Бокоев.

Спикер эмне дейт?

Депутаттын мындай сунушуна спикер Дастанбек Жумабеков: “маалымат топтолуп жатат, каралат бул маселе”,- деп жооп берди.

Эскерте кетсек

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 17-февралда Казакстанда контрабанда боюнча шектүү катары кармалып, эки айга камакка алынган. Кийинчерээк Казакстандын мамлекеттик органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны, улуту казак экени тууралуу маалымат тараткан.

Асылбек СУПАТАЕВ: “Уулумдун улуту казак эмес, кыргыз”

Ал эми депутаттын атасы Асылбек Супатаев мындай маалыматты четке кагып, ММКга мындай деп жооп берген: “Баламдын Казакстанда туулганы жана улуту казак экени тууралуу маалымат жалган. Уулум Караколдо төрөлүп, өскөн. 8-классты бүтүп, Бишкекке спорт мектебине кеткен”. Андан тышкары, уулу кийин аты-жөнүн өзгөртүп, ысымы Динарбек Супатаев болгонун ырастаган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.