Клара Кабилованын кош жарандуулугун БШК текшерүүдө…

Клара Кабилованын кош жарандуулугун БШК текшерүүдө…

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалып, кош жарандуулугу бар экендиги айтылгандан кийин, кош жарандуулук боюнча маселе көтөрүп, кыймылдай баштады.

БШК кош жарандуулугун жашырган жарандар үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштоодо. Алар учурда БШКнын мурдагы башчысы Клара Кабилованын Россиянын жарандыгын алган, албагандыгы боюнча маалыматты текшерип жаткандыгы белгилүү болду. Кабилова азыр Гүлнара-Клара Самат деген ат менен жүргөндүгү, Аида Салянованын ордуна «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келери айтылып, жазылып келет. Ошондон улам, БШК аны катуу текшерип жатат окшойт. Айтор, “Атамекенчилерге” келгенде мыйзам катуу иштеп кетет го…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.