Кыздарын мектепке жибербеген диний агымдагы ата-эненин иши сотко өттү

Кыздарын мектепке жибербеген диний агымдагы ата-эненин иши сотко өттү

Ысык-Көл облусундагы диний көз караштагы ата-эне балдарын мектепке жибербей койгон. Аларга карата козголгон кылмыш иши сотко бүгүн өткөнү тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл райондук прокуратурасынын өкүлдөрү кабарлашкан. 47 жаштагы Жыргалбек Асанбеков жана 43 жаштагы Бактыгүл Абдрахманова Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча («Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбай коюу») айыпталууда.

Беш жылдан бери көчөгө чыкпай калган кыздар

Прокурорлор алар Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Йакын инкар» диний агымынын мүчөсү катары 16 жана 11 жаштагы кыздарын жалпы билим алууга болгон укугунан ажыраткан деп эсептөөдө. Социалдык кызматкерлердин айтымында, алар беш жылдан бери көчөгө чыкпай, теңтуштары менен байланышпай, диний агымдын китептеринен башканы окубай, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтпөй жашап жатышат. Ал эми психолог адистер кыздардын денесинде көк ала тактар бар экенин, жабык жашоонун айынан алардын психикалык өнүгүшүндө мүчүлүштүктөр бар экенин “Азаттык” жазып чыкты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.