Мечиттеги мушташ бычакташуу менен аяктады

Мечиттеги мушташ бычакташуу менен аяктады

Бул окуя Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагынын Красный Маяк айылындагы мечитте болгон. Өзгөн районундагы мечитте, намазы учурунда мурунку имам бычакталган. Учурда ал Ош облустук ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирген.

Чатак зекеттин акчасынан чыкканбы?

Аширбаевдин айтымында, окуя 26-февралда болгон. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Окуя эмнеден башталган? Мечиттеги чатак «зекеттен чогулган акчаны жеп койгонсуң» деген дооматтан улам чыккан. Аср намазына келген 40 жана 64 жаштагы эки киши мушташа кетип, 64 жаштагы жаран бычагын алып чыгып, сайып жиберген.

Бычакташкандар имамдык кызматка тиешеси жок”

Ош облусунун казысы Самидин Атабаев болсо, мушташка себеп болгон талаштын зекетке, бычакташкандар имамдык кызматка тиешеси жок экенин, алардын бири мурда абакта камалып чыкканын айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.