Вице-премьерлерди эң көп алмаштырган премьер Исаков болду

Вице-премьерлерди эң көп алмаштырган премьер Исаков болду

СҮРӨТТӨ: Мукамбетовду Исаков сунуштап жаткан кези. Сүрөт Next TBдан алынды.

Мурда премьер-министрлер бат-бат алмашса, эми вице-премьер-министрлер ай сайын алмаша баштады. Бүгүн Сапар Исаков жаңы вицелүү болду, ага төртүнчү вице-премьер-министр болуп Мукамбетов Санжар Турдукожоевич келди. Ал бүгүн Жогорку Кеӊеште президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

МОМБЕКОВ: “Виценин бири жылып кетет, бири жыдып кетет”

Санжар Мукамбетовдун талапкерлигин депутаттар мурда эле жактырышкан, бүгүн аны 98 депутат колдоп берди. Эл өкүлдөрү жаңы вицеге жана биринчи-вице-премьер-министр Шадиевге ар кандай суроолорду беришти. “Бизге төртүнчү вице керекпи?” деген суроону депутат Дастан Бекешов узатканда, Шадиев керектигин айтты. Ал эми дайыма уйкаштырып сүйлөгөн депутат Рыскелди Момбеков мындай суроону узатты: “Мукамбетовдун кесипкөйлүгү туурасында кеп жок, аны Экономика министрлигине алып барсаңар болмок. Кеп башкада. Биз күздөн бери эле жалаң вицелерди шайлап келе жатабыз, бири жылып кетет, бири жыдып кетет, бири качып кетет, бири басып кетет. Эл эмес, биздин башыбыз айланып калды. Ким кайсы тармакты тейлейт?»

Шадиев шатырата жооп берди

Көпчүлүк суроого Шадиев шатырата жооп берип жатты. Депутаттын бул суроосуна ал мындай деди: «Бүгүнкү күндө социалдык багыт боюнча — Чолпон Султанбекова. Аймактык жалпы өзгөчө кырдаал жана чек аралар, өнүгүү боюнча — Дайыр Кенекеев, реалдуу сектор боюнча – мен, Аскарбек Шадиев, ал эми укук коргоо органдары боюнча премьер-министр (Сапар Исаков) өзү тейлеп жатат. Мурдагы коллегабыз Абдыгуловдун милдети –киреше, чыгаша, банк тармагы болчу. Анын ордуна Санжар Мукамбетов келди” .

Сапар Исаковдун кадамдары

Мына ошентип, Шадиевдин айтуусу боюнча Толкунбек Абдыгуловдун (бул киши азыр мурунку кызматына барган, Улуттук банктын төрагасы) ордуна кызматка келген Мукамбетов кайра иштетүү өнөр жайы боюнча тармакты тейлей турган болду.

Белгилей кетсек, Сапар Исаковдун өкмөтү 2017-жылдын август айындагы бекитилген. Курамы боюнча төрт вице-премьер каралган: биринчи вице, экономика, социалдык тармак жана коопсуздук, тартип коргоо жана чек ара маселеси боюнча премьердин орун басары; Бар жарым жылга жетпеген мезгилде вице-премьерлерде бир канча орун алмаштыруулар болду. Муканбетовду эсептегенде, ушуну менен Исаков жетинчи орун басарлуу болду. Буга чейин күч түзүмүн жетектеген Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза болгон. Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна Дайыр Кенекеев келди. Абдыгуловдун ордуна Мукамбетов келди.

Мукамбетов деген ким?

Жаңы вицени учкай тааныштыра кетсек, үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. 45 жашта. 1972-жылы 12-декабрда туулган. Эки университетти бүтүргөн: Кыргыз техникалык университетин жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин. Кесиби – экономист. Көп эле кызматтарда иштеп келген. Кыскача айтканда, “Жанар, “Дастан” ЖЧКларында инженер, Экономика министринин орун басары болгон. Вице-премьер-министр болгонго чейин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу кызматын жетектеп келген.

Эрзат МЫРЗА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.