Жеңесин кайниси үйүндө муунтуп өлтүргөн

Жеңесин кайниси үйүндө муунтуп өлтүргөн

Бул тууралуу Dogan, Haberturk кабар агенттиктери жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, Түркияда кыргызстандык келин киши колдуу болуп, көз жумган. Окуя Анталиянын Манавгат аймагында 27-февралга караган түнү болгон. 34 жаштагы кыргызстандык келинди кайниси үйүндө муунтуп өлтүрүп, полицияны чакырган. Өлтүрүүнүн себебин ал “агамдын көзүнө чөп салган” деп түшүндүргөн. Бул боюнча Анталия шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзө баштады.

Каза болгон кыргызстандык келин күйөөсү менен ажырашуу алдында турган. Алардын сот отуруму бүгүн болмок экен. Маркумдун артында үч баласы калды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.