Акылбек ЖАМАНГУЛОВ: «Жолдор оңдолду, бирок, сапаты оңолбой келет»

Акылбек ЖАМАНГУЛОВ: «Жолдор оңдолду, бирок, сапаты оңолбой келет»

Бүгүн Жогорку Кеңеште жол маселеси каралып, депутаттар оюн ортого салды. Депутат Акылбек Жамангуловдун айтымында, жолдор оңдолгону менен сапатына көңүл бурулбай келет.

«Акыркы он жыл аралыгында көп жолдор салынды, көп жолдор оӊдолду, анысы жакшы, бирок жолдун сапаты оӊолбой келет. Өкмөт, анын тийешелүү органдары жол салуучу компаниялардын сапатты талап кылып, ал боюнча чараларды көрүшү керек. Мына, былтыр кытай грантынын эсебинен Бишкек шаарынын бир топ көчөлөрү оӊдолду, аны быйыл кайра оӊдоп отурабыз. Бишкек – Нарын – Торугарт жолу 3 жыл мурда курулган, аны былтыртан бери жамоого аргасыз болдук. Эки жылдан бери Балыкчы – Корумду жолу бүтпөй жатат. Быйыл күзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, алар эмдигиче оӊолбогон жолду көрсө эмне дейт? Менимче, жол салган компаниялардан сапатты талап кылып, алардын жоопкерчилигин караш керек. Андан сырткары, азыртан жолдун курулушун каржылоо маселесин чечип бербесек болбойт», — дейт эл өкүлү Акылбек Жамангулов.

Бул ачуу чындык. Жылда эле жол оңдогондору менен жолдорубуз кайра жарылып, жарака кетип, ал кайра жамалып келе жатат. Бул жерде “акча саясаты” ойноп жатат, ал сол жакка сомолонуп жатат окшойт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.