Жанар АКАЕВ: «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси ишкананын жерине кызына мейманкана куруп берген»

Жанар АКАЕВ: «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси ишкананын жерине кызына мейманкана куруп берген»

Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Ногойбаев ишкананы өнүктүрүүнүн ордуна, өзүнүн жеке иштери менен алек болууда.

«Бир кезде бюджеттин башкы капчыгы болгон ишкана эми мышык ыйлай турган абалга түшүп, банкрот болуу алдында турат. Алмазбек Ногойбаев ишкананы өзүнүн жеке менчиги катарып колдонуп, ушундай кырдаалга туш кылды. Кыргыз-орус фондунан алган 8 миллион 380 миң сомдук насыя дагы максатсыз чыгымдалууда. Ага сатып алынган вагондордун кыркы гана келиптир. Алар дагы тендердин талабына жооп бербейт. Бул боюнча ишкананын жоопту кишисинин колу коюлган иш кагаз менде бар. Андан тышкары, Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстанга 137 миллиондон ашык карызын кечиптир. Бул акча эмне бизге керек эмеспи? Алмазбек Ногойбаев өзүнүн кызына тиешелүү «Транс логистик» ишканасын өнүктүрүү менен алек болуп, ага «Кыргыз темир жолунун» жерине мейманкана куруп берген”,-дейт Жанар Акаев.

Депутаттын сөзүндө калет жок. Жанар Акаев ар дайым ачуу чындыкты айтып, маанилүү маселелерди парламентте көтөрүп келет. Бу жолу да бир “коррупционердин” бетин ачып отурат. Эми ушул далилдер менен бул кишини токтоосуз жоопко тартуу керек. Эмнеге мамлекеттин бюджетине “кол салып”, кызматкерлердин жерине кызына үй салып берет?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.