Гербдин автору Дубанаев күбөлүгү жок экенин спикерге айтты…

Гербдин автору Дубанаев күбөлүгү жок экенин спикерге айтты…

Эртең, 3-март мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнүнө карата, бүгүн ЖК спикери Дастанбек Жумабеков мамлекеттик символдордун авторлорун (Б.Жайчыбеков, Ж.Матаев, Э.Айдарбеков, гимндин авторлорунун бири — Ш.Кулуев жана гербдин авторлорунун бири  С.Дубанаевди) кабыл алганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда спикер желек, герб жана гимн Кыргызстандын башкы байлыгы экенин баса белгилеп, аларды иштеп чыккан авторлоруна ыраазычылык билдирди. “Өлкө ичиндеги жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай саясий жолугушууларда, спорттук жана башка иш-чараларда желегибиз бийикте желбиреп, гимнибиз жаңырса ар бир кыргызстандык сыймыктанабыз. Бабаларыбыз мураска калтырган Ала-Тообузга сүйүүбүз артып, мындан ары да мекенибизди көздүн карегиндей сактоо керектигине ынанабыз. Анткени, мамлекетибизди дүйнө эли желбиреген желегибиз, жаңырган гимнибиз жана тартылган гербибиз аркылуу тааныйт. Эгемен өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик символдорубузду ыйык тутуу менен алардын авторлору катары сиздерге сый-урмат көрсөтүүгө милдеттүү”, – дейт спикер Жумабеков.

ДУБАНАЕВ: “Карыганда дарылануу үчүн оорукана керек экен”

Ал эми гербдин авторлорунун бири Садырбек Дубанаев: “Карыганда дарылануу үчүн бизде оорукана жана каржы көйгөйү көп жаралат. Ошондой эле автор экенибизди далилдейт турган атайын күбөлүгүбүз да жок”, – деди. Авторлор көтөргөн көйгөйлөрдү Дастан Жумабеков чечип берерин убада кылды. Андан сырткары, 3-март мамлекеттик туубуздун кабыл алынган күнү менен куттуктап, акчалай белек тапшырды.

Эскерте кетсек

3-март Мамлекеттик туу күнүн белгилөө 2009-жылдын 10-июнунда өлкө жарандарын мекенчилдик духта тарбиялоо жана мамлекеттик символдорго урмат менен мамиле кылуу максатында президенттин жарлыгына ылайык бекитилген. Туунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.