Роза ОТУНБАЕВА: “Саясий майданды бир эле партия ээлеп алып, билгенин кылып жатат”

Роза ОТУНБАЕВА: “Саясий майданды бир эле партия ээлеп алып, билгенин кылып жатат”

Мындай пикирин экс-президент Роза Исаковна бүгүн Бишкекте өткөн жарандык коомдук жыйынында билдирди. Жыйынга саясатчылар, жарандык коом өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы сот, укук тартибин коргоо органдарынын абалын, келечегин талкуулашты.

Ал жыйында Роза Отунбаева: “Саясий атаандаштык жокко эсе бүгүн. Саясий майданды бир партия ээлеп турат, билгенин кылып жатат. Биз бүгүн азыркы КСДП, анын клон-партиялары жасаган иштерди сынга алып жатабыз. Саясатчылардын, оппозиция өкүлдөрүнүн бийликти сындаган жыйын-талкуулары ураандар менен чектелбестен, 5-6 жылдан кийин күчтүү платформага айлануучу өзүнчө саясий күчкө биригүү планын талкуулашы керек. 2020-жылга карата кубаттуу саясий күч түзүлүшү керек. Аны жакшылап “бышырыш” керек. Бул үчүн сүйлөшүп, өз позициябызды тактап, бир ойго келишибиз зарыл, — деди.

Бул жыйынга Абдыганы Эркебаев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Амангелди Муралиев, Темир Сариев, Феликс Кулов, жана ЖК депутаттары Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Курманбек Зулушев, Исхак Масалиев катышты. 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.