Медреседе таяк жеген балдар (ВИДЕО)

Медреседе таяк жеген балдар (ВИДЕО)

Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазып, видеосун жайгаштырды. Аларга 2017-жылы тартылган бул видеону Call-центр  салган экен. Бу видео боюнча аталган сайт Муфтиятка кайрылган.

Видеодогу мындай көрүнүш Баткен облусундагы Кадамжай районунда болуп, медреседеги таяк жеген балдар ата-энесине айтайын десе, алардын жанында телефон болбоптур.

Бул боюнча медресенин мүдүрү сөгүш алган

Аталган сайттын редакциясы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына бул маселе боюнча кайрылышканда, алар мындай деп жооп берген: “Бул маселе боюнча бизге мурда эле арыз түшкөн. Биз дароо чара көргөнбүз: медресенин мүдүрүнө сөгүш берип, күнөөлүүлөрдү кетиргенбиз. Биз Кыргызстандагы бардык медресенин кызматкерлерине эскертүү бергенбиз”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.