КЖЫ: “Эртең баарыңарды жөө жүрүш салтанатына чакырабыз!”

КЖЫ: “Эртең баарыңарды жөө жүрүш салтанатына чакырабыз!”

Эртең, 5-март — Ак калпак күнүн белгилей турган майрам күн. Мындай демилгени кинорежиссер Рысбек Жабиров 2011-жылы көтөрүп чыккан. Бул демилге Жогорку Кеңеште 2016-жылда, 29-мартта, парламенттин токтому менен расмийлештирсе, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланган.

Бул демилгени эл колдоду, өзгөчө жаштар. Мына дагы жаштарыбыз эртеңки майрамга катуу даярданып, чакырышууда. Алар — “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси. Алардын кайрылуусу төмөндөгүдөй.

“Жөө жүрүш Өчпөс оттон башталып, Курманжан датканын эстелигинен бүтөт”

“Кымбаттуу Кыргыз калкым! Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Эртең, 5-мартта — Ак калпак майрамына карата, баарыңыздарды жөө жүрүш салтанатына чакырабыз! Бул чакырыктын максаты – Ак калпакты даңазалоо жана Ынтымак, Биримдик, Достукту бекемдөө. Кечебиз оюн-зоок менен коштолот! Эртеңки салтанаттуу жөө жүрүш саат 9:00до Өчпөс оттун жанынан башталып, Курманжан датканын эстелигинин жанынан бүтөт.

“Ак калпагыбыз башыбыздан түшпөсүн!”

Асманда жарык көрсөң, жылдыз деп бил!
Ак калпак кийгенди көрсөң, кыргыз деп бил!
«Ак-Калпак Ала-Тоонун сим
волу» деп баалуу сөздөр айтылгандай, Ак калпак улуттук баш кийим болгондуктан, аны мактап-даңктаганга, аталышын ааламга, даңкын далайга жеткирели! Ал үчүн болгон, бар күчүбүздү жумшоо — бул биздин бирден-бир милдетибиз. Уюткулуу улуу кыргыз элибизде: “Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң! Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың!” деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Калпагыбыз жоголбосун, башыбыздан түшпөсүн! Келе жаткан майрамыңыздар менен, мырзалар!

Байланыш телефондор: 0557979197, 0705178035, 0555922339.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.