Дооронбек Садырбаевдин “Арманы”…

Дооронбек Садырбаевдин “Арманы”…

Эсен болуп, эстей жүр!

Кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу, коомдук ишмер, мыкты депутат болгон Дооронбек Садырбаевди биз бир күн эле эмес, күндө эстешибиз керек. Анткени, бул залкар кишинин ар бир сөзүндө, ырында маанилүү нерсе жатат. Мына, дагы бир 1989-жылы жазган “Арман” аттуу ырын таап алып, алдыңыздарга берип турубуз. Аттиң, биздин арман “Кыргыз Эл Баатыры” (2008-жылы ыйгарылгын) наамын каза болгондон кийин берилип, өзүнүн көрбөй кеткени болду… Ошентсе да, эсен болуп, эстей жүрөлү!

Арман

Ааламдын агын-көгүн иргей албай,
Атажурт ыргактарын түрдөй албай.
Боз улан тилектерим бүчүр байлап,
Бозоруп кала берди бүрдөй албай.

Кыялдын кызыл атын темине албай,
Кыйырга ак таң болуп, сөгүлө албай,
Кер мурут эңсөөлөрүм тамчы сыгып,
Келишти, кете берди төгүлө албай.

Алкынып аламанга чабыла албай,
Булкунуп, бууракандап агыла албай,
Өнөрүм өксүп калды, өксүп калды,
Өмүргө чырак болуп жагыла албай.

Басыгым, баштагыдан чаңы азайып,
Баратат, үмүттөрдүн таңы азайып,
Кабагым- кашым дебей, кете аламын.
Калса эгер тирүүлүктүн шамы азайып.
Кайгырам жалгыз гана калаарына,
Калкымдын бир кыргызга саны азайып.

«Кимибизден» аттуу ырына ырчы Жаныш Кочкоров обон чыгарып, ал хитке айланды.

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат, баратабыз,
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн.
Кайран кез, кандай сонун убак эле,
Сезимде эңсөө туруп турар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.
Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Көңүлдүн муз төрүнө бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе.
 Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.