Атамбаев резиденцияда жашаса, анда Кой-Ташка хан сарайын эмнеге салды?

Атамбаев резиденцияда жашаса, анда Кой-Ташка хан сарайын эмнеге салды?

Атамбаевге резиденцияга 89 млн. сомго жаңы үй курулганы тууралуу Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы билдирди. Мамлекеттик резиденцияда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын да бышыктады.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Айша Чуштукова «Азаттыкка» билдиргендей, «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзам ылайык, мурдагы мамлекет башчы да «Ала-Арча» резиденциясынан өмүр бою турак-жай менен камсыздалат:

— Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан, жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берди. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт.

Курулушка сарпталган акчанын калганы кайсы булактан коротулганы айтыла элек.

Иш башкармалык Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелээрин жана менчиктештирүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.

Маалыматта бул дача президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экени айтылат.

Буга чейин Интернет булактарында Алмазбек Атамбаев үчүн резиденцияга үй салынганы, ал 2017-жылы курулганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок ал расмий бышыктала элек болчу. Эми тастыкташты.

Атамбаев бул жакка ушунча акча коротуп, азыркыга чейин жашап жатса, анда Кой-Таштагы Максим Бакиевдин жерине хан сарай салып эмне кылат? Ага да канча деген акча кетти эле? Аттиң, ушул ачуу чындыкты айта калам деп Текебаев жөн эле камакта отурат.

Атамбаевдин хан сарайы боюнча Текебаевдин ачуу чындыгы

Өмүрбек Текебаев депутат болуп турганда, Атамбаевдин хан сарайына кеткен чыгым боюнча мындай деген: “Атамбаев 6 жылдын ичинде бир эле чыгым жасайт. Бул жанагы Албек Ибраимовдон 2,4 гектар жерди 34 миллион сомго сатып алганы. Анан буга албетте, Атамбаевдин иштеп тапты деген 6 миллион сому жетмек эмес. Жардамга аялы келет. Аялы алты жылда 32 миллион 371 миң 852 сом иштеп тааптыр. Экөөнүкүн кошкондо 38 миллион сом киреше табышкан. Мен ушу Албектин уяты жок экен деп койдум. Байкеси аны алып жүрүп байытса, чоңойтсо, анан ошого карабастан алты жылда аялы менен кошо иштеп тапкан кирешесинин 34 миллионун жердин акысы үчүн “тарс” эттирип алып коюп жатпайбы. Атамбаевдердин алты жылда тапкан кирешеси бир жер тилкесин сатып алганга кетиптир. Бирок көз карандысыз эксперттердин айтымында, мына ошол сатып алган жерге курган Атамбаевдин хан сарайына кеткен чыгым 6 миллион АКШ долларына барабар. Атамбаев аны жеке өзүнүн каражатына курганын жар салган. Андай боло турган болсо, Атамбаев алты жылда иштеп тапкан акчасынын баары жер сатып алганга кетип жатса, ал хан сарай салганга акчаны каяктан тапты? Бул жомоктогудай акча каяктан келген?

Мына окурман, чын эле жомоктогудай акча Атамбаевге каяктан келген?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.