Капарова кубанса, Карыпбеков кайгырдыбы?

Капарова кубанса, Карыпбеков кайгырдыбы?

Алып баруучу, диктор, журналист Чынара Капарова КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алгандыгы тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Сюита Соурбаева ММКга билдирди.

Капарова кызмат ордуна барары белгилүү болду

Соурбаеванын айтымында, Жогорку сот 26-марттагы токтому менен буга чейин Ленин жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерди күчүндө калтырды. “Чынара Капарованын мурда ээлеген кызмат ордуна орноштуруу тууралуу доо арызы канааттандырылды. Капарова “Ала-Тоо” маалымат программалар студиясынын баяндамачысы болуп кызмат ордуна барат”, — деди Соурбаева.

Сот токтомуна ылайык, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди “Эл баатыры” деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.

Карыпбеков эмне дейт?

Капарова бул кемчилик үчүн эскертүү берүү жетиштүү болмогун айтып, сотко кайрылган. Илим Карыпбеков сот чечими кагаз түрүндө келсе, аны аткарууга даяр экенин билдирди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.