12 жаштагы кызды зордуктаган 53 жаштагы киши кармалды

12 жаштагы кызды зордуктаган 53 жаштагы киши кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ журналисттерге билдирген. Алардын айтымында, зордукталган кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Арызда кичинекей кызды азиат улутундагы белгисиз адам зордуктаганы жазылган.

Окуянын чоо жайын ИИБнин өкүлдөрү төмөндөгүдөй билдиришкен: «Кылмышка шектүү катары Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө учурунда айыпталуучу күнөөнү толук мойнуна алды. Ал «Рух-Ордо» маданий борборунда кароолчу болуп иштеп, бош убагында эл ташый калат экен. Болжол менен саат 20.30 чамасында кичинекей кыз адашып кетип, курсагы ачып калганын айтып, машинасына отуруп турууну суранган экен. Киши аны «Рух-Ордо» борборунун кароолчулар жатчу жайына алып келип, курсагын тойгузуп, андан соң зордуктап салган».

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.