Айбек МЫРЗА: “6-апрелде Таласта митинг сөзсүз өтөт”

Айбек МЫРЗА: “6-апрелде Таласта митинг сөзсүз өтөт”

Мындай куш кабарды жарандык активист Айбек Мырза 29-мартта эле тараткан. Ошондон бери тынчсызданып сураган окурмандар көп болууда: «Болору чынбы? Атактуулардан ким барат? Болот Шер барабы?”,- деп. Окурмандардын суроосун биз дагы Айбек Мырзага узатсак, митингдин болору анык экенин айтты. Бирок, ага атактуулардан ким барар, барбасы азырынча тактала элек экен. Үч-төрт күндөн кийин так болорун билдирди Айбек Мырза.

“Митингде эмне маселе каралат?” деген суроого Айбек Мырза: “2010-жылдын 6-апрелинде Таласта башталган митинг максатына жеткени же жетпегендиги тууралуу талкуу өтөт. Ошондой эле коррупция, сот системасы, саясий куугунтук, сөз эркиндиги боюнча сөз болот. Мындан тышкары, Апрель окуясында каза болгондорду эскеребиз», — деди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.