АТАМБАЕВ: «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек» (ВИДЕО)

АТАМБАЕВ: «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек» (ВИДЕО)

Бүгүн, 31-мартта, “Орион” мейманканасында КСДПнын съезди жабык эшик (журналисттер да киргизилген жок) артында өтүп, анда Атамбаев аталган партиянын төрагасы болуп шайланды. Атамбаев президент болгондон бери бул орун бош турган, кайра эле ордуна келди.

Бүгүнкү съездге 190 делегат чакырылган. Айрым делегаттар (Оштон келген партиянын мүчөлөрү) кирбей калса, айрымдары залдан чыгып кетишкен. Аягында, жыйын бүткөн соң (саат 13.30та), Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берди. Анда Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруу боюнча Атамбаев мындай деди: “Мен Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек» деп айткам. Азыр да ошол пикирдемин. Асылбек Шариповичтин депутат болушу эртеби-кечпи президентке зыяны тиет. Муну айтуу менин парзым. Буга чейин Мискенбаев айтып койгон экен”. Калганын, толугу менен төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.