Атамбаев жабык эшик артында эмнени уюштуруп жатат?

Атамбаев жабык эшик артында эмнени уюштуруп жатат?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жоон топ мамлекеттик күзөт кызматынын коштоосунда Бишкектеги “Орион” мейманканасына келгенин кабарчыбыз Эрзат Мырза билдирди.

Ал эми Оштон атайы келген 4 делегат жыйынга кирбей калды. Съездге кирбей калган делегаттар бул партияга он жылдан бери мүчө экенин билдирип, кирбей калганына нааразы болушкан.

Ошентип, тандалма топ менен КСДП партиясынын съезди жабык эшик артында башталды. Партиянын башчылыгына Атамбаевден башка талапкер жок. Мындай мамилеси менен Атамбаев эмнени уюштуруп жатат? Ал бул жыйынга жооп топ күзөт кызматынын коштоосу менен келгенине караганда, бир нерседен корккондой. Коркок адамдын арты таза эмес… Мисалы, экс-президент Роза Отунбаева таза болгон үчүн, бардык жерде, эч кандай коштоосу жок эле жүрбөйбү…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.