Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков УКМКга эмнеге чакырылды?

Экс-спикер Чыныбай Турсунбеков УКМКга эмнеге чакырылды?

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов сыйлыгына бөлүнгөн каражаттын жоголушу боюнча жаңы жагдайлар ачылып, УКМК парламенттин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козголгонун УКМК кечээ кабарлады.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, экс-спикердин жардамчысына эки берене боюнча айып тагылган. Ал боюнча “Азаттыкка” мындай деген: “Бул иштин алкагында ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулу да шектүү катары өтүп жатат. Ага бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 171 жана 350-беренелери («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо») боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө түрүндө бөгөт чарасы аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө ал суракка чакырылып жатат.

Турсунбеков менен Шадиев УКМКдан беттешип…

Андан тышкары, бул окуя боюнча Рахат Сулайманов парламенттеги 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да суракка чакырылганын айткан. Анын айтымында, Парламенттин Эл аралык комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экөө УКМКдан беттешкен. Буга чейин Шадиев эки жолу суракка чакырылып, көрсөтмө берген.

Ким күнөөлүү?

30 миң доллардын уурдалышына ким күнөөлүү: Чыныбай Турсунбековбу же Аскар Шадиевби же Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулубу? Турсунбеков жардамчысынын буга күнөөсү жоктугуна 200 пайыз ишенет. Бул боюнча ким күнөөлүү экени айтылып эле жатат, ал киши боюнча так маалымат беребиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.