Фарид НИЯЗОВ: «Атамбаевден башка талапкер жок»

Фарид НИЯЗОВ: «Атамбаевден башка талапкер жок»

Бүгүн, 31-мартта, СДПКнын съезди “Орион” мейманканасында жабык эшик артында өтөт. Ага журналисттер киргизилбейт. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов кечээ ачык эле журналисттерге билдирген. Ниязовдун айтымында, съездге 190 делегат чакырылган. Зал тардык кылгандыктан, ага делегаттар эле батып, журналисттер батпай калат имиш. Съезд бүтөрү менен Атамбаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, бардык суроого жооп берет экен.

НИЯЗОВ: «СДПКда башка талапкер жок»

Баса, СДПКнын төрагалыгына Атамбаев жалгыз талапкер. Бул боюнча былтыр  18-декабрда Ниязов мындай деген: “СДПКда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир — ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок”. Демек, Атамбаев өтөт. Кайра саясат келип жаткандан кийин, премьер-министр болушу мүмкүн…

Жыйынга Жээнбеков чакырылган эмес

Андан тышкары, бул жыйынга президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков чакырылган эмес. Ал боюнча кечээ Жээнбеков өзү чакыруу кагазын албаганын айтып чыккан. “Аны Атамбаев эле чакыртпай койду, ошонун буйругу” деген кептер кеткен. Ал чындык болуп калышы мүмкүн. Бу боюнча бүгүн Атамбаевдин өзүнөн сурап көрөбүз… Атамбаевдин “балп” эткен сөздөрүн сагындыңарбы? «Балп» этмейин өзү да моюндабады беле, ал төмөндө.

АТАМБАЕВ: «Балп эткен сөздөрүмдү сагынасыңар»

Деп былтыр 20-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Атамбаев 6 жылдык президенттик мөөнөтүндөгү аткарган иштери тууралуу журналисттерге акыркы  жыйын өткөрүп жатып айткан. Анда бир журналист: “Сиз айткан сөздөрүңүз үчүн өкүнүп калбайсызбы?” дегенде, ал: “Жаңы келаткан президент да, премьер-министр да мендей болуп балп этпейт. Мен башымда эмне болсо балп деп айтмай жайым бар  да. Менин ушундай балп эткен сөздөрүмдү сагынасыңар” деп күлгөн… Бүгүн да, өзү айткандай, башында эмне болсо айтып, балп дейт да…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.