СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Исаков съездге катышкан жок

СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү Исаков съездге катышкан жок

Премьер-министр Сапар Исаков СДПКнын саясий кеңешинин мүчөсү болгону менен бүгүнкү СДПКнын съездине катышкан жок. Тагырагы, чакырылган эмес. Эмнеге? Бул жыйынга тандалып чакырылып жаткан соң, Сапар Исаковдун ордуна Атамбаев премьер-министр болуп келээри да съездде сөз болот окшойт… Бекеринен буга чейин мындай сөз кеп болгон жок да… “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, катуу шамал Атамбаев жактан согуп жатат окшойт…

Бүгүн Сапар Исаков эмне кылууда?

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Сапар Исаков бүгүн таң эртеден бери “Ата Түрк” паркында жүрөт. Тагырагы, ал “Таза жашоо” долбоорунун ишембилигине катышууда. Премьер менен кошо 1-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, мэр Албек Ибраимов, Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, вице-мэр Айгүл Рыскулова жүрүүдө. Алар паркка жаңы бак-дарактарды отургузуп, урандыларды алып салып, таштандыларды тазалашат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.