СДПКнын съездине Жээнбеков, Акаев чакырылбай, Мискенбаев чакырылыптыр…

СДПКнын съездине Жээнбеков, Акаев чакырылбай, Мискенбаев чакырылыптыр…

СДПКнын съезди өтө турган Бишкектеги “Орион” мейманканасына күзөтчүлөр күчөтүлүптүр. Алар журналисттерди жакын жолотурбай жатканы боюнча кабарчыбыз Эрзат Мырза билдирди.

Эскерте кетсек, “Орион” мейманканасына 190 делегат чакырылып, зал тар болгондуктан журналисттер киргизилбей тургандыгын кечээ аталган партиянын төрагасынын орун басары Ф.Ниязов билдирген. Бирок, ал жыйындан кийин Атамбаев пресс-конференция берерин да айткан. Ага чейин журналисттер сыртынан чагылдырып турууга укугу бар да.

Баса, кандайдыр бир себептерден улам, бул жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаев чакырылган эмес. Ал эми Мээлбек Мискенбаев чакырылган. Муну кандай түшүнсөк болот? Партия мүчөлөрүн партия тандап чакырабы?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.