Айтканынан кайтпаган Мээрбек Мискенбаев

Айтканынан кайтпаган Мээрбек Мискенбаев

«Чындык kg» сайтына «Айкөл — Ала Тоо» коомдук бирикмесинин башчысы, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев боюнча маалымат чыкты. Ал төмөндөгүдөй:

«Кыргыз саясатында айткан сөздөрү талкуу жараткан аз гана саясатчы бар. Акыркы жылдары өлкөдө оозго алынып, айткан сөздөрү туура чыгып, жылдызы жанып келе жаткан саясатчылардын бири — Мээрбек Мискенбаев. Бул жигит алгач куудулдардын “7-Апрель окуясы” боюнча айткан тамашасын сынга алып, коомчулукка таанылганын жакшы билебиз. Көпчүлүк Мискенбаевди ошондо сындаганыбыз менен, чектен чыгып бараткан айрым куудулдарды ал ордуна коюп койбоду беле. Эсиңиздерде болсо керек.

Негизи эле Мээрбек Мискенбаев көтөргөн маселелер оор жана олуттуу. Бул инсан бир ишти баштаса, аны аягына чыгарат экен.

Кудай колдогон пенде болсо, ушул экен да. Мискенбаев көтөргөн демилгелер жерде калбай ишке ашып жатат. Мисалы, Таласта бир канча мектеп, бала бакчаларды курдуруп баштаган. Ал эми жакында эле Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүн 7-Апрель деп өзгөртүүсүн Шаардык кеңеш колдоп берди. Жакында болсо, президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруусун талап кылган болчу. Ал сөзүн жакынкы эле журналисттер жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев да айтты. Чынында, ойлоп көрсөң, мамлекет башчысынын инисине “мандатың тапшыр” деп айтканга кимдин духу жетет эле?!

Ачыгын айтканда, Мээрбек Мискенбаевди эр экен. Бекеринен, 2010-жылдын 7-апрелинде, жамгырдай жааган октон коркпой чыкса керек да. Элим, жерим деген жакшы ою бар. Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык режимине каршы чыкканы баарыбызга маалым. Ошондон улам, азыркы президенттин инисине “мандатың тапшыр” деп айтса керек. Пенде болгон соң, бийликте ким болбосун, анын эшигине сагалап барып, агасы, иниси болобу, аны мактап, Айга, Күнгө теңеп жибермей адатыбыз да бар. Үй-бүлөсүн бийликке жолотпоону Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевден үйрөнсө болот.

Мээрбек Мискенбаев болсо, чыныгы такшалып келе жаткан саясатчы катары өзүн көргөздү. Ким эмне деп айтпасын, ал былк эткен жок, ар кимге жооп кайтарбады. Бул чыныгы кыргыздын мырзасына татыктуу мүнөз. Мискенбаевдей командалык оюнчу, өзүнө ишенген духу кучтүү саясатчылар болсо, СДПК болобу, башка партия болобу, айтор, жарым жолдо калбайт! Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөн соң эки жака ойноп кеткендер болду. Ал эми Мискенбаев ойногон жок, көп жылдардан бери Алмазбек Атамбаевди сатпай, жактап келет. Ал Фарид Ниязов сыяктуу Атамбаевдин эң ишенимдүү адамына айланды».

«Чындык.kg»

P.S. Мээрбек Мискенбаевдин кызыктуу маегин жакында окуй аласыздар!

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.